Afleveringen
-
Экөөнө тең бирдей мамиле кылып, бирдей тарбиялаш керекпи? Балдарды кыз-эркек деп бөлөбүзбү же улуусу кичүүсү деп бөлөбүзбү? Уулдары жана кыздары менен болгон мамилелери тууралуу Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу айтып беришет.
-
Zijn er afleveringen die ontbreken?
-
Ата-энелердин элестетүүсүндө идеалдуу бала сабагын өзү окуйт жана мектептен жалаң беш алып келет. Тилекке каршы жашоодо андай эмес. Балдарыбыз менен сабакты бирге окуп туура кылып жатабызбы же жокпу? Чоң класста окуган балдар менен эмне үчүн сабагын окубайбыз? Алар өз алдынча болуп калгандыктанбы же алардын сабагына мээбиз жетпейби?
-
Биз балдарыбызды абдан жакшы көрөбүз, а бирок кээде алар ачууңду келтирет. Андайда эмне кылуу керек? Балаңыз сизди тартып көк бет экенин көргөндө сыймыктандыңыз беле? Мектепте мугалимдин указкасы эмнеге керек экенин канчанчы классыңызда түшүнгөнсүз? Подкастынын алып баруучулары Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу ушулар туурасында сүйлөшүшөт.
-
Телефон биздин жашообуздун бир бөлүгү, үй-бүлөбүздүн мүчөсү болуп калгандай. Ансыз азыркы жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Бул чыгарылышта алып баруучулар балдарга телефон көрүүгө уруксат берүү керекпи же жокпу? Уюлдук телефон жок кезде биз кантип байланышчу элек? Балдарды көрбө деп коюп, өзүбүз телефондон чыккыбыз жок - дегендер туурасында сүйлөшүшөт.
-
Бала-чака подкасты бала-чакасы бар адамдар үчүн. Алып баруучулар Наргиза Кожобекова, Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу балдарына тарбия берүүдө кетирген кемчиликтери жана ийгиликтери жөнүндө сүйлөшүшөт.